“Автовнештранс" ишканасынын Ысык-Көлдөгү бөлүмү мамлекетке кайтарылды

Коом 653 03 Декабрь 2025 15:42
6d987483-640f-4205-b1e4-668a9ef4bf91.jpg
97f8e048-c1a1-445b-be61-b12c619c0419.jpg
b7f3d48c-d1bf-4f76-ad4b-59d1dcfe80b8.jpg
d948777b-9d70-44f7-95d1-af8780fa34f7.jpg
Алдыга
Артка
6d987483-640f-4205-b1e4-668a9ef4bf91.jpg
97f8e048-c1a1-445b-be61-b12c619c0419.jpg
b7f3d48c-d1bf-4f76-ad4b-59d1dcfe80b8.jpg
d948777b-9d70-44f7-95d1-af8780fa34f7.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. “Автовнештранс" ишканасынын Ысык-Көлдөгү бөлүмү мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Автовнештранс" мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл бөлүмүн менчиктештирүүдө коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында, жалпы аянты 7245,74 чарчы метр мүлктүк комплекске жана аянты 50 миң 414 чарчы метр жер тилкесине карата текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, менчик ээси мүлктүк комплекстерин жана жер тилкелерин мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтарып берди.