Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Эл аралык "Евровидение" сынагын Австриянын өкүлү жеңди. Ырчы JJ Wasted Lovе чыгармасын аткарды.
Интерфакс маалымдагандай, сынактын финалы Швейцариянын Базель шаарында өттү.
Анда калыстардын жана көрүүчүлөрдүн добушунун жыйынтыгы боюнча Австриянын өкүлү 436 баллга ээ болуп, биринчи орунду камсыздады.
Экинчи орунду Израилдин өкүлү Юваль Рафаэль (357) ээледи.
Үчүнчү орунга добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эстониялык ырчы Томми Кэшу (356) илинди. Бештикке Швеция менен Италиянын өкүлдөрү да кирди.
Австрия сынакты биринчи жолу 1966-жылы жеңген, биринчи орунду алган Удо Юргенс Merci, Chérie ырын аткарган. Ал эми өлкөгө экинчи жеңишти 2014-жылы Кончита Вурст алып барган.
Швейцариянын өкүлү Nemo аттуу ырчы The Code ыры менен былтыр Швециянын Мальмё шаарында өткөн сынакта жеңүүчү аталган. Мындан улам 2025-жылы иш-чара аларда өттү.
Белгилей кетсек, "Евровидение" 1956-жылдан бери уюштурулуп келет.