Австрияда мектептеги кол салууда кеминде 10 адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 11 Июнь 2025 11:55
WhatsApp Image 2025-06-11 at 11.31.14.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Австриянын Грац шаарында мектептеги кол салууда кеминде 10 адам каза тапты.

Интерфакс маалымдагандай, 12 киши олуттуу жаракат алган, анын ичинен экөөнүн абалы оор.

Австриянын канцлери Кристан Штокер мектептеги кол салууга байланыштуу үч күндүк аза күтүү күнүн жарыялады.

ЖМКлардагы маалыматтар боюнча, кылмышкер качандыр бир убакта ошол мектептин окуучусу болгон. Ошондой эле анын эки ок атуучу куралды сактоого уруксаты бар экени такталган.