Австралияда катуу бороондон улам 300 миңден ашуун адам жарыксыз калды

Дүйнө Загрузка... 10 Март 2025 09:15
WhatsApp Image 2025-03-10 at 06.13.56.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.03.25 /Кабар/. Австралияда катуу бороондон улам 300 миңден ашуун адам жарыксыз калды.

Интерфакс маалымдагандай, Австралиянын түндүк-чыгышындагы Квинсленд штатында "Альфред" циклону 316,5 миң адамды электр энергиясыз калтырды.

Айрыкча Голд-Кост шаары жабыркап, 112 миң жашоочу жарыксыз калды.

"Альфред" Квинсленддин жээгине чейин жетти. Ал өзү менен катуу шамалды жана нөшөрлүү жаанды алып келди. Метеорологдор Брисбен, Ипсуич, Саншайн-Кост жана Жимпи шаарларында суу каптоолор болорун, шамалдын ылдамдыгы саатына 90 чакырымга жетерин айтууда.

Брисбен аэропорту жекшембиде ишин жандантты, бирок администрациясы аба ырайына байланыштуу каттамдардын учуп-конуу убактысы өзгөрүшү мүмкүн экендигин билдирди.

Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз Квинслендде жана Түштүк Уэльсте кырдаал оор бойдон калып жатканын, жакынкы күндөрү катуу шамал болорун белгиледи.