Авариялык өчүүлөрдүн алдын алуу: Баткенде 5 ыкчам топ күнү-түнү иштеп жатат

Аймак 23 Январь 2026 09:57
619897718_18090930311476120_974660319290491596_n.jpg
619331631_18090930299476120_3847082358006704529_n.jpg
619953781_18090930326476120_2656900304225975363_n.jpg
620216678_18090930287476120_1833708710209257216_n.jpg
620925384_18090930329476120_6670615449349658142_n.jpg
Алдыга
Артка
619897718_18090930311476120_974660319290491596_n.jpg
619331631_18090930299476120_3847082358006704529_n.jpg
619953781_18090930326476120_2656900304225975363_n.jpg
620216678_18090930287476120_1833708710209257216_n.jpg
620925384_18090930329476120_6670615449349658142_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Аба ырайынын кескин төмөндөшү Баткенде электр энергиясына болгон жүктөмдүн олуттуу жогорулашына алып келди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Буга байланыштуу Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Сүлүктүдө 5 ыкчам топ түзүлүп, электр тармактарынын үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Мындан тышкары, авариялык учурда абалды тез арада калыбына келтирүү максатында атайын нөөмөттөр уюштурулду. Баткен электр тармактар ишканасынын бардык бөлүмдөрүнөн 22 ыкчам чыгуучу бригада, атайын техникалар жана нөөмөттүк автоунаалар даярдалып, бригада керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Авариялык абалдар катталган учурларда электр энергиясын берүүдө үзгүлтүк болтурбоо үчүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам тартипте жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Баткен электр тармактар ишканасы абал толук көзөмөлдө экенин билдирип, калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.