Атлантика океанындагы “Мелисса" ураганы төртүнчү категорияга жетти

Дүйнө Загрузка... 27 Октябрь 2025 09:00
cea1d175-7dd7-4164-ab3f-760087591c2c.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.25 /Кабар/. Атлантика океанындагы "Мелисса" ураганы күчөп, Саффир–Симпсон шкаласы боюнча эң жогорку, төртүнчү категорияга жетти. Бул тууралуу АКШнын Улуттук ураган борборуна таянып, ТАСС жазды.

Маалыматка караганда, ураган батышты көздөй саатына 7 чакырым ылдамдыкта жылып, шамалдын максималдуу ылдамдыгы секундуна 61 метрге чейин жетүүдө.

Ошондой эле “Мелисса" ураганы учурда Ямайканын борбору Кингстондон 195 км түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Мындан улам Ямайка жана Гаити аралдарында сел жана жер көчкү коркунучу тууралуу эскертүүлөр берилди.