Атам Кёнигсберг шаарын бошотуп жаткан учурда жападан жалгыз калган экен – Улан Кулданов

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 15 Апрель 2025 12:55
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Нечендеген кыргыз эрлери кан кечип жеткен Жеңишке быйыл 80 жыл толуп отурат. Мекен алдында алардын опол тоодой эрдиги бар экендиги шексиз. Ал эми бул апаатта курман болгон ата-бабаларды эскерип туруу – биздин башкы милдетибиз. Мындан улам бүгүн, Улуу Ата Мекендик согушка башынан аягына чейин катышып, эсен-соо кайтып келип, калган өмүрүн билим берүүгө арнаган ардагер – Рапком Кулданов жөнүндө сөз болмокчу. Алдыда аны уулу – Кулданов Уландын эскерүүсүн сунуштайбыз.

Атам Кулданов Рапком - Улуу Ата Мекендик согушка башынан аягына чейин катышып, мекенине аман кайтып, калган өмүрүн мамлекеттик кызматка, билим берүүгө арнаган адам. Согушта көп эрдик жасап, Минск, Кёнигсберг шаарларын бошотууга толугу менен катышкан.

Атам Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылында 1920-жылдын 1-июнунда жарык дүйнөгө келген. Кулдан чоң атам малдуу-жандуу адам болгондуктан, атамдын бала кези айыл-чарба жумуштарына, мал багууга жардам берүү менен өтүптүр. Ал беш бир туугандын кичүүсү болгон экен. Ыбыш, Самат деген бир туугандары да согушка барып кайтпай калышыптыр. Ал эми Мамат деген бир тууганы экөө мекенине кайтып келишиптир. 1937-жылы мектепти аяктап, эки жылдан кийин 1939-жылы мугалимдердин 10 айлык курсуна тапшырат. 1940-жылы курсту аяктап өзүнүн туулуп өскөн Белогорка (азыркы аты Төш-Булак) айылына башталгыч класстын мугалими болуп орношот. Ошол эле жылы советтик армиянын катарына чакырылып, Ыраакы чыгыштагы аскердик округда кызмат өтөп баштайт.

Атамдын эскерүүсү боюнча, аскерде кызмат өтөп жүргөн жылдары согуш башталып, тагыраак айтканда 1941-жылдын ноябрь айында Россиянын Калуга шаарындагы коргонуу иштерине катышып, андан ары фронтко кетет. Батыш фронтунун 65-сапердук батальонунда кызмат өтөп баштайт. Кызыл армия чабуулга өткөн учурда, атам Смоленск багытында алдыңкы линияда 2 ай чалгында болуп, душмандын кыймыл аракеттерин өзүбүздүкүлөргө (Советтик армия) билдирип турган. Кийин такшалып калган кезде жолдоштору менен бирге душмандын бир офицерин жана аскерлерин тирүү кармап келишкен экен. 1943-жылдын жайында Курск аймагындагы ири согуш операциясында, 3-Беларус фронтунда эрдик көрсөтүп, “Мыкты аскердик кызмат”, “Эрдиги үчүн” медалдары менен сыйланып, 3-даражадагы “Даңк” орденине татыктуу болгон. Андан тышкары жогорку командачы И.Сталиндин “Алкыш” баракчасын алган.

Атам чалгында кызмат кылгандан кийин миномёт башкаруунун 2 айлык тездетилген курсун, аскердеги саясий жетекчи (политрук) курсун да бүтүрөт. 1943-жылы 26-гвардиялык аткычтар дивизиясынын минометтук аскер бөлүгүнүн командири кызматын аткарат. Ошентип, согушту “Гвардиянын старшинасы” наамы менен аяктайт. 1945-жылдын март айында 2-даражадагы “Даңк” ордени менен сыйланат.

Атамдын “1945-жылы согуш ана бүтөт, мына бүтөт деп турган маалда Кёнигсберг шаарын бир жума салгылашып жатып, 31-апрелден 1-майга караган түнү араң алганбыз” деп эскергени бар. Өзүнүн айтуусу боюнча бул салгылашта жолдошторунун арасынан жалгыз эле тирүү калып, душмандын чабуулуна туруштук бере алган экен. Бул эрдиги үчүн командири аны 1-даражадагы “Даңк” орденине сунуштайт. Бирок, ортодо тийиштүү кагаздары жоголуп, сунуш жогорку жакка жетпей калат. Кийин деле бул сыйлыкты алайын деп аракет кылбаптыр. Өзүнүн “Сыйлык үчүн согушкан эмеспиз. Ал убакта эч ким сыйлык үчүн чуркаган эмес деп” айтып калганы бар эле.

1946-жылы туулган жери Төш-Булак айылына кайтып келип, апам Исакова Айтбүбү менен баш кошуп 2 уул, 3 кыздуу болушат. Согуштан кийинки 1947-1949-жылдары географ мугалими адистиги боюнча жогорку билим алат. 1949-жылдан баштап партиялык кызматтарда, мугалимдик кесип менен эмгек жолу уланган. Апам экөө тарбиялап өстүргөн балдары жогорку билимдүү жана бардыгы турмуштан өз жолдорун табышты.

Атам 2010-жылы 90 жашында дүйнө салды. Көзү өткөнүнө быйыл 15 жылдын жүзү болот. Ал 9-майды толкундануу менен күтүп, кадимкидей даярданчу. Балдары, неберелери жана чөбөрөлөрү болуп атабызды куттуктачубуз.

“Согушта азыр кинолордо көрсөтүлүп жаткандай, дайыма эле немистер жеңиле берген эмес” деп ал жөнүндө көп сүйлөгүсү келчү эмес. Бул апааттан алган жеңил контузиясы бар эле. Бул тууралуу “мени Кудай чоң сактады!” деп койчу.

Атам өз максатына жетти деп ойлойм. Мекен алдындагы милдетин эки эселеп аткарды. Өз балдарын татыктуу тарбиялады. Кыргызстан боюнча жүздөн ашуун окуучулары ар кайсы кесиптерде ийгиликтүү иштеп жүрүшөт. Алардын алды 80ден ашып калды. Көзүнүн тирүүсүндө эле өзү иштеген мектебине аты берилди.

Мүнөзү жөнүндө айта турган болсом, тартипти бекем кармаган, талабы күчтүү адам эле. Жалкоолукту абдан жаман көрчү. Бизди китепке жакын өстүрдү. Айтор, атам менин эсимде эч качан жаны тынбаган, эмгекчил, иштерман, колу ачык март адам катары калды. Айылыбыз күнөстүү, салкын жер болгонуна карабай, дарбыз өстүрүп айылдаштарын таң калдырганы да бар.