Атакама чөлүндө 10 жылдан бери биринчи жолу кар жаады

Дүйнө Загрузка... 27 Июнь 2025 09:05
03d89a55-0400-4c84-b2ea-b874fc3663eb.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Дүйнөдөгү эң кургак чөл деп эсептелген Чилинин түндүгүндөгү Атакама чөлүндө акыркы он жылда биринчи жолу кар жаады. Бул тууралуу аталган аймакта жайгашкан ALMA обсерваториясы билдиргенин Дзен.ру агенттиги жазды.

Буга чейин синоптиктер бул аймакта нөшөрлүү жаан-чачын жана бороон-чапкын болушу мүмкүн экенин эскертишкен. Ал эми кар 10 жылдан кийин жаады деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда Түштүк Африка Республикасында (ЮАР) катуу аба ырайынын кесепеттери уланып жатат. Суу ташкыны, жер көчкү, катуу шамал жана кар жаашынан улам өлкөдө кеминде 49 адам каза болгону айтылат.