Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Атаандаштык жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.
Мыйзам долбоорун тааныштырган депутат Камила Талиева документ атаандаштык чөйрөсүн коргоого, монополияга каршы комплаенс тутумун киргизүүгө жана картелдик макулдашуулардын алдын алууга багытталганын белгиледи. Жаңы мыйзам долбоорунда бузуулар тууралуу өзү кабарлаган ишкерлер үчүн жеңилдиктер каралган.
Андан тышкары, жыйында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун максаты анын жоболорун Санариптик кодекске жана "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык келтирүү болуп саналат.
Анын негизинде "Кыргыз Республикасынын "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамы" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси" деген сөздөргө алмаштыруу сунушталууда.