Ата мекендик калыстар FIFA Series эл аралык турнирин тейледи

Спорт 01 Апрель 2026 10:45
658094101_1411394611030925_5043192445153021832_n.jpg
657614179_1411394697697583_1815355821785086864_n.jpg
658151923_1411394557697597_7373435355932301152_n.jpg
658360799_1411394554364264_2526205280936644013_n.jpg
Алдыга
Артка
658094101_1411394611030925_5043192445153021832_n.jpg
657614179_1411394697697583_1815355821785086864_n.jpg
658151923_1411394557697597_7373435355932301152_n.jpg
658360799_1411394554364264_2526205280936644013_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Ата мекендик калыстар тобу FIFA Series эл аралык турниринин финалдык беттешин тейледи. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, FIFA Series FIFAнын алдында өткөрүлгөн эл аралык мелдеш болуп саналат. Турнир мини-турнир форматында өтүп, ар бирине ар башка конфедерациялардан төрттөн улуттук курама команда катышат. Беттештер FIFAнын эл аралык терезесинин алкагында бир жерде өткөрүлөт.

Ташкент шаарында өткөн турнирдин алкагында финалдык оюнда Өзбекстандын улуттук курама командасы Венесуэланы жеңип, чемпион аталды. Негизги убакыт 0:0 эсеби менен жыйынтыкталып, пенальтилер сериясында өзбекстандыктар 5:4 эсеби менен жеңишке жетишти.

Турнирге төрт курама команда — Өзбекстан, Венесуэла, Тринидад жана Тобаго жана Габон катышты. Жыйынтыгында жеңүүчү болуп Өзбекстандын курамасы табылды.

Финалдык беттешти ата мекендик калыстар тобу тейледи:

  • Бахадыр Кочкаров — беттештин инспектору;
  • Медербек Тайчиев — башкы калыс;
  • Зайниддин Алимов — резервдик калыс;
  • Исмаил Талипжанов — жардамчы калыс;
  • Элдос Мурзабеков — жардамчы калыс.