Ат-Башыдагы Ак-Бейит жана Түз-Бел ашууларына кар жаады

Загрузка... 02 Июнь 2025 10:55

Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Ат-Башы районундагы Ак-Бейит жана Түз-Бел ашууларында жолду кардан тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жеринде №957 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары иштеп жатат.

"Жолчулар тарабынан ашуулар тазаланып, зарыл учурда инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.