Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда Чар – Ак-Муз айылына барчу жалпы узундугу 15 чакырым унаа жолун асфальттоо иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин жолдун 6,2 чакырымына асфальт төшөлгөн. Быйыл калган 7,8 чакырым тилкеси жаңыланып, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунан Чар – Ак-Муз айылына чейинки жол толугу менен асфальтталды.
“Жолдун жаңыланышы жергиликтүү тургундар үчүн каттамды ыңгайлуу кылып, айдоочулардын жүрүүсүн жеңилдетти. Ошондой эле айылдын район борбору жана башка калктуу конуштар менен транспорттук байланышы жакшырды”-деп айтылат маалыматта.