Астанада Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү

Министрлер кабинети 13 Ноябрь 2025 15:26
6915a0eec7eed.jpeg
6915a10375947.jpeg
6915a0fdb64c6.jpeg
6915a0f9bb860.jpeg
6915a0f3b0036.jpeg
6915a1079e82f.jpeg
Алдыга
Артка
6915a0eec7eed.jpeg
6915a10375947.jpeg
6915a0fdb64c6.jpeg
6915a0f9bb860.jpeg
6915a0f3b0036.jpeg
6915a1079e82f.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынынын тар курамдагы жолугушуусу өттү.

Жыйын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында өттү.

Жолугушууда эки мамлекеттин президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин буга чейинки жогорку деңгээлдеги жолугушууларынын жыйынтыгында кол коюлган маанилүү документтер, анын ичинде 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча комплекстүү план жана 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча Жол картасынын ишке ашырылышын сүйлөштү. 

Тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин карашты.