Астанада Борбор Азиянын медиа мейкиндигинин келечеги талкууланууда

Коом Загрузка... 17 Апрель 2025 15:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Казакстандын борбору Астана шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн экинчи медиафоруму өз ишин баштады. Ага Кыргызстан, Катар, Кытай, Россия жана башка өлкөлөрдөн 700дөн ашык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана жетекчилери катышууда.

Медиаформуда глобалдык өзгөрүүлөр доорунда - медиа стратегиялык өнүгүүнүн куралы катары деген теманын алкагында талкуу жүрүүдө.

Форумдун спикерлери маалыматтык мейкиндик өлкөлөрдү жана элдерди бириктирип, жакындатышы керек экендигине басым жасашты. Дүйнөдө болуп жаткан глобалдуу трансформациялар шартында маалымдоо каражаттары мамлекеттер аралык кызматташтыкты, ынак коңшулук мамилени бекемдөөдө, маалыматтык мейкиндикти коргоодо жана ар кандай сырткы күчтөргө каршы бирге турууга тийиш экендигин түшүнүү белгиленди.

Буга байланыштуу журналистикада жасалма интеллект технологиясын колдонуу темасы да көтөрүлдү. Албетте, жасалма интеллект текст түзүп, иллюстрация кыла алат, бирок алгоритмдерди ким кандай максатта колдонот деген суроо жаралат. Алар терс максаттар үчүн колдонгондордун колуна тийип калышы мүмкүн экендигине Кыргызстандын маалымат министринин орун басары Марат Тагаев форумдун катышуучуларынын көңүлүн бурду.

"Бир жагынан ЖИ процесстерди автоматташтыруудан баштап, чоң көлөмдөгү маалыматтарды талдоого чейин кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бирок, экинчи жагынан-бул технологияларды кыянаттык менен пайдаланган учурлар барган сайын көп катталууда. Алардын бири дипфейктер - нейросеттердин жардамы менен түзүлгөн жасалмаланган видео жана аудиоматериалдар", - деди Марат Тагаев.

Ал мындай технологиялар туура эмес маалымат берүү, коомдук пикирди манипуляциялоо, кибер кылмыштар үчүн колдонулушу мүмкүн экенин белгиледи.

"Дүйнөдө маалыматтык чабуулдар, фейктер жана дезинформация күч алганына байланыштуу Кыргызстандын жана башка дүйнө өлкөлөрүнүн улуттук жана маалыматтык коопсуздугуна, социалдык туруктуулугуна коркунуч жаралууда", - деп билдирди министрдин орун басары.

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев өз сөзүндө достук мамиледеги өлкөлөрдүн медиа чөйрөдөгү аракеттерин бириктирүү - бул заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтаруу экенин белгиледи.

"Борбор Азия мамлекеттери кызматташуу жана туруктуу өнүгүү үчүн мейкиндик түзүп жатышат. Мамлекет башчыларыбыз бир нече ирет белгилегендей, мамлекеттерибиздин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт — бул эң жакын коңшулар менен достукту жана өнөктөштүктү чыңдоо болуп саналат.

«Биздин мамлекеттер ортосундагы интеграциялык процесстер күч алып, эволюциялык жол менен өнүгүп жатканын баарыбыз билебиз. Мамлекет башчыларыбыз да атаандашып, тирешүүнүн эч кандай зарылдыгы жок экенин эң жакшы түшүнүшөт. Тескерисинче, эгерде биз биргелешип аракет кылып, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, ири инфраструктуралык долбоорлорду чогуу ишке ашырсак жана өлкөлөрүбүздүн экономикасын жалпы кызыкчылыктын алкагында өнүктүрсөк — бул элдерибиз үчүн алда канча пайдалуу болот.

Дал ушундай принциптердин негизинде маалымат каражаттарынын ортосундагы кызматташтыкты да түзсө болот. Биргелешкен медиа-долбоорлорду ишке киргизүү керек. Анткени окурмандар жана көрүүчүлөр биздин өлкөлөр чоң максаттарга – бирге ГЭСтерди курууга, транспорттук коридорлорду түзүүгө, өнөр жай потенциалын жогорулатууга жана кен байлыктарды чогуу иштетүүгө – биргелешип жетише алаарын көрүшү үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке киргизишүү. Келечекке болгон бул көз карашты дал өзүбүз, маалымат тармагында иштегендер жаратышыбыз керек" - деп баса белгиледи Медербек Шерметалиев.

Белгилей кетсек, Астанада өтүп жаткан форум 2 күнгө созулат. Форумдун катышуучулары медиа чөйрөсүндө мамлекеттер аралык аракеттенүүнү бекемдөөгө, маалымат алмашууну жөнгө салууга жана натыйжалуу өз ара байланыш платформасын түзүүгө мүмкүндүк бере турган кызматташуунун жолдорун аныкташууда. Бул багыттагы биринчи биргелешкен кадам катары Борбор Азия телеканалынын түзүлүшү каралышы мүмкүн. Бул демилге журналисттердин чөйрөсүндө эле эмес, жогорку саясий деңгээлде да колдоого ээ болууда.