Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. 6-марттан тартып Asman Airlines авиакомпаниясы расмий түрдө IATA коду — "MN" (Манас аталышынан алынган) менен катталды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал эми 2024-жылы авиакомпания ICAO кодун — "KGN" (Кыргызстан аталышынан алынган) да алган.
IATA жана ICAO коддорун алуу – ар бир авиакомпания үчүн маанилүү этап болуп саналат. Бул коддор эл аралык авиация тармагында расмий таанылууну камсыз кылат, каттамдарды брондоо, пландаштыруу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетет.
IATA коду (International Air Transport Association) — бул брондоо системаларында, учуу билеттеринде жана каттамдар графиктеринде колдонулган эки тамгадан турган код. Бул код авиакомпанияларга Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) тарабынан берилет.
ICAO коду (International Civil Aviation Organization) — аба кыймылын башкарууда жана коопсуздукту камсыз кылууда колдонулган үч тамгадан турган код. Бул кодду Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) ыйгарат.