Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгылат - департамент

Коом 863 28 Январь 2025 12:06
474792268_924070629901684_7134174246574095891_n.jpg
474553718_924070636568350_7896829735937722983_n.jpg
474501126_924070616568352_332478657772962304_n.jpg
Алдыга
Артка
474792268_924070629901684_7134174246574095891_n.jpg
474553718_924070636568350_7896829735937722983_n.jpg
474501126_924070616568352_332478657772962304_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Транспорт департаменти ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгыларын эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатат.

Урматтуу айдоочулар!

Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу оор жүк ташыган унаалардын ашыкча жүгү аныкталса, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) тиешелүү протоколдор толтурулуп, жеке жактарга 17500 сом, юридикалык жактарга 55000 сом айып пул салынарын эскертет.

Белгилей кетсек, транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан жүргүзүлүүдө.