Ашуулардагы абал: жол ачык, каттам бар

Коом 30 январь 2026 09:45
Ашуулардагы абал: жол ачык, каттам бар

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолчулар тарабынан унаа жолдордо тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткɵлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.

Министрлик айдоочуларды жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.