Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында футбол боюнча тарыхый беттеш өтөт. 11-февралда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) экинчи кубогунун 1/8 финалынын алкагында Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубу жергиликтүү «Аркадаг» командасы менен кездешет.
Маалым болгондой, оюн Олимпиада шаарчасынын стадионунда өткөрүлөт.
«Аркадаг» футбол клубу 2023-жылы негизделгенине карабастан, кыска убакытта эки жолу Түркмөнстандын чемпиону жана эки ирет өлкө кубогунун ээси болгон. 2025-жылы АФКнын 3-кубогунда жеңүүчү аталып, жогорку дивизионго жолдомо алган. Ошондой эле, өткөн жылдын май айында Камбоджанын «Свай Риенг» командасын жеңип, АФКнын Чакырык лигасын багындырган.
Ал эми «Аль-Наср» футбол клубу Сауд Арабиясынын гранд клубу Азия мелдештеринде ишенимдүү түрдө келе жатат. Курамында дүйнөлүк деңгээлдеги футбол жылдыздары бар.