Асфальттын курамы, жолдун бекемдиги: Курулуш материалдары текшерилүүдө

Коом
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Бишкектеги "Кыргызжолтрансдолбоор" мекемесинин сыноо лабораториясында жол курулушунда колдонулган материалдардын сапаты текшерилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, лабораторияда кум-шагыл аралашмасы, асфальт жана жолдон алынган керн үлгүлөрү изилденет.

Кум-шагыл аралашмасы атайын электерден өткөрүлүп, таштардын көлөмү жана аралашмадагы топурактын курамы аныкталат. Андан соң анын тыгыздыгы жана бекемдиги атайын жабдуулар менен текшерилет.

Асфальттын үлгүлөрү ысытылып, атайын формага салынгандан кийин электрондук мешке коюлат. Бул ыкма менен анын курамындагы битумдун көлөмү аныкталат.

Ал эми жолдон алынган керн үлгүлөрүнүн калыңдыгы өлчөнүп, сууну сиңирүү деңгээли текшерилет. Алынган көрсөткүчтөрдүн негизинде асфальттын сапатына баа берилет.

Мындай лабораториялык текшерүүлөр жол курулушунда колдонулган материалдардын сапатын жана курулган жолдордун белгиленген талаптарга шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет.