Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. EnsiliTech биотехнологиялык стартапынын тең негиздөөчүсү, Улуу Британиядагы Бата университетинин профессору Асел Сыртбаева "Кыргыз Республикасынын жаратманы" сыйлыгына татыды.
Сыйлык тапшыруу алуу аземинде ал президентке жана мамлекетке ыраазычылык билдирип, инновациялар өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүнө чоң түрткү берерине ишенерин айтты.
“Сыйлык үчүн өлкө башчысына жана мамлекетке ыраазычылык билдирем. Аны алганыма абдан толкунданып турам. Бул инновация үчүн берилген сыйлык, ал эми инновация — бул келечек деп эсептейм. Кыргызстан өнүгүп-гүлдөйт деп ишенем. Дал ушул инновация келечекте Кыргызстандын өнүгүшүнө түрткү берет. Ошондуктан кийинки муундарга өздөрү каалаган бийиктиктерге жетишин каалап кетет элем.
Эгер биз илимпоздордун жана инноваторлордун жаңы муунуна дем бере алсам, муну Кыргызстанга калтырган мурасым деп эсептейм. Бул үчүн дагы абдан ыраазымын ”, — деди Асел Сыртбаева.