Арзан баада Стамбул - Бишкек - Стамбул аба каттамы ачылды

Коом 25 март 2025 15:59
486698820_9372961189455972_6351534624395609340_n.jpg
486436680_9372960436122714_4178400561767203028_n.jpg
486501014_9372960546122703_8955478328776657258_n.jpg
486546195_9372960516122706_8925524507289873464_n.jpg
486597287_9372961689455922_515551855657356935_n.jpg
486606939_9372961526122605_4863325964488473068_n.jpg
486608102_9372960396122718_8204827608358045995_n.jpg
486655476_9372961156122642_1960562900097549196_n.jpg
486670300_9372961126122645_2113664720025459697_n.jpg
486674007_9372960506122707_3869511602229848110_n.jpg
486790862_9372960306122727_1664076054199229706_n.jpg
486801481_9372961656122592_8625632370264071056_n.jpg
486815562_9372960576122700_6351683771936411136_n.jpg
486932869_9372960276122730_7370263939840950101_n.jpg
486940827_9372961889455902_847732600537494450_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгы

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. 25-марттан тарта арзан баада Стамбул - Бишкек - Стамбул аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.

Анын маалыматына караганда, каттамды аз бюджеттүү AnadoluJet авиакомпаниясы ачты. Бул каттам күн сайын эртең мененки убакта аткарылат.

AnadoluJet - бул Түркиянын эң ири авиакомпаниясы Turkish Airlines'тин туунду компаниясы болгон аз бюджеттүү лоукостери.

Компания 2008-жылы жеткиликтүү авиакызматтарды сунуштоо максатында негизделген, ошол эле учурда коопсуздуктун жана тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыздап келет.

AnadoluJet Түркиянын ичиндеги жана эл аралык багыттагы бюджеттик каттамдарга басым жасап, жүргүнчүлөрүнө заманбап учактарда ыңгайлуу жана арзан каттамдарды сунуштайт.

Стамбул менен Бишкектин ортосунда жаңы каттамдын ишке кириши - AnadoluJet компаниясынын эл аралык каттамдар тармагын кеңейтүүдөгү маанилүү кадамы болуп саналат.

Күн сайын каттамдардын аткарылышы жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүүлүктү жакшыртып, аларга атаандаштыкка жөндөмдүү баалар менен учууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин аталган авиакомпания Анкара - Бишкек багыты боюнча авиакаттамын ийгиликтүү ишке киргизип, жүргүнчүлөр арасында суроо-талапка ээ болуу менен популярдуулукка жетишкен.