Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча Кыргызстан менен Казакстандын командаларынын финалдык беттешинин алдында сөз сүйлөп, оюнчуларды таза жана үлгүлүү оюн көрсөтүүгө чакырды.
Ал көк бөрү жана көкпар Көчмөндөр оюндарынын ажырагыс бөлүгү экенин белгилеп, кыргыз менен казактын улакчыларынын финалда кезигүүсү эки элдин тарыхый бир туугандыгын жана достугун даңазалаган көрүнүш экенин айтты.
“Бүгүнкү оюнда кыргыз менен казактын бир туугандыгын, достугун көрсөтөлү. Бүткүл дүйнөнүн көңүлү ушул оюнга бурулуп турат. Ошондуктан Көчмөндөр оюндарынын маданиятын көрсөтөлү”, — деди Арслан Койчиев.
Мамлекеттик катчы улакчыларга ийгилик каалап, финалда мыкты, таза жана үлгүлүү оюн көрсөтүүгө чакырды.