Бишкек 11.06.25 /Кабар/. Аргентинанын Жогорку соту өлкөнүн экс-президенти Кристина Киршнерди коррупциялык иштер боюнча айыптап, 6 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу TN телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Киршнердин үй камагына чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, Жогорку сот аны өмүрү өткүчөктү мамлекеттик кызматтарга бара албайт деген бүтүм чыгарды. Мындан бир нече күн мурун ал Буэнос-Айрес провинциясына депутат болууга талапкерлигин коюуну пландап жатканын билдирген.
Ошондой эле Жогорку сот Киршнер 2003-жылдан 2015-жылга чейин президент болуп турган убакта Санта-Крус провинциясындагы инфраструктуралык иштерде ишкер Ласаро Баестин кызыкчылыгын коргогонун тастыктады.
“Бул биринчи жолку соттук териштирүү эмес. 2022-жылдын август айында Аргентинанын прокуратурасы Киршнерге карата 12 жыл эркинен ажыратуу жазасын талап кылган”, - деп айтылат маалыматта.