Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Аргентинада суу ташкындан улам кеминде 16 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Маалыматка караганда, Аргентинада жума күнү катуу жаан жааган. Жергиликтүү бийлик Баия-Бланка шаарында кеминде 16 адам каза болуп, миңден ашуун жашоочу эвакуацияланганын билдирди.
Бир тууган эки кыз изделип жатканы айтылды.
Аргентинада суу ташкынынан улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланары белгиленди.