Араванда суу сактагыч куруп, 11,2 чакырымга канал тартуу пландалууда

Коом Загрузка... 29 Апрель 2025 12:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Араванда суу сактагыч куруп, 11,2 чакырымга канал тартуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин депутаттары менен Ош облусунун Араван районунда көчмө жыйын өткөрүп, курула турган суу сактагычтын долбоорун тааныштырды.

Алгач жыйындын катышуучулары Араван-Сай дарыясынын "Данги" капчыгайына 17 метр бийиктикте сууну көтөрүүчү тосмо жасап, сезондук жөнгө салынуучу суу сактагыч куруу долбоорун көрүштү. Суу сактагыч курулганда, тосмодон 11,2 чакырымга созулган суу каналын тартуу да мерчемделип жатат.

Суу сактагыч пайдаланууга берилгенде Араванда июль-август айларындагы суу таңкыстыгы жоюлуп, 6358 гектар жерде сугат жакшырат, 2000 гектар жер жаңыдан өздөштүрүлөт.