Араванда №2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды

Загрузка... 19 Март 2025 17:46
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Бүгүн Араван райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунун №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, район жетекчиси, АРИС уюмунун өкүлү жана медицина кызматкерлери катышты.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, медициналык мекеменин жаңы имаратынын курулуш иштери өткөн жылы башталып, бүгүнкү күндө бардык заманбап шарты менен курулуп бүткөрүлгөн. Ал үчүн АРИС тарабынан 12 млн сом жана Достук айыл өкмөтү тарабынан 1 млн 800 миң сом бөлүнгөн.

Имараттын ички шарттары менен облус жетекчиси таанышып чыгып, дарыгерлердин ишине ийгилик каалап, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жалпы 20 231 жаранды тейлейт.