Аралыктан иштеген кызматкерлердин укуктары кандай корголот?

Жогорку Кеңеш Загрузка... 22 Январь 2026 12:25
11.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматовдон аралыктан (дистанциялык) иштеген кызматкерлердин укуктары кандай корголорун сурады.

Досматов жакында эле Эмгек кодексине "аралыктан иштөө" түшүнүгү киргизилгенин билдирди. Анын негизинде иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда эмгек келишимдери түзүлөт.

"Буга чейинки кодекс 2004-жылы кабыл алынган, андан бери жаңы кесиптер жана "аралыктан иштөө" түшүнүгү пайда болду", — деп белгиледи министрдин орун басары.

Ошондой эле депутат иш берүүчү тарабынан ченемдер бузулган учурда кызматкерлердин укугун ким коргой турганын тактады. Досматов министрликтин алдында Эмгекчилердин укугун коргоо кызматы иштерин, мындай маселелер менен дал ушул кызмат алектенерин түшүндүрдү.