Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 4-мартта таңкы саат 04:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал - Казарман тилкесинин 247-248 чакырым аралыгында тоо боорунан таштар түшүп, жол эки тараптуу жабылган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда №18 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол бир таратуу ачылды.
Жолду таштардан тазалоо иштери уланууда.