Бишкек 17.06.25 /Кабар/. Араб өлкөлөрүнүн жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Израилдин Иранга каршы аскердик аракеттерин токтотууга чакырган биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу Интерфакс.ру агенттиги билдирди.
Министрлер Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө тынчсызданышууда. Алардын айтымында, "Израиль Иранга сокку урууларын токтотушу керек. Анткени азыркы жагдай жалпы регионго олуттуу кесепетин тийгизиши мүмкүн". Ошондой эле, анда "аскерий жол менен бул жаңжалды чечүү мүмкүн эместиги" белгиленди.
Алар өз билдирүүсүндө Израилди Ирандын ядердик объектилерине сокку урууну токтотууга, эл аралык сууларда эркин сүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого жана деңиз коопсуздугун сактоого чакырышты.
Документте ошондой эле, Ирандын ядердик программасына байланыштуу маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгы баса белгиленип, Жакынкы Чыгышта ядердик жана башка массалык кыргын салуучу куралдардан сырткаркы эркин аймак түзүү сунушу айтылды. Бул демилге аймактагы бардык мамлекеттерди камтууга тийиш экендиги белгиленген.
Билдирүүгө Алжир, Египет, Ирак, Иордания, Кувейт, Ливия, Мавритания, Пакистан, Сауд Аравиясы, Судан жана Түркиянын тышкы иштер министрлери кол коюшту.