Бишкек, 17.11.26 /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда дүйнөдө Ара төрөлгөн балдардын эл аралык күнү белгиленет.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул күн ара төрөлгөн ымыркайлардын ден соолугуна кам көрүү, аларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү жана аман алып калуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун маалыматына ылайык, учурда төрөлгөндө салмагы 1,5 килограммга жетпеген ымыркайлардын 77 пайызы аман калууда.
Борбордун Перинаталдык бөлүмүндө жыл сайын 600гө жакын ара төрөлгөн бала жарык дүйнөгө келет. Алардын арасында салмагы 1 килограммга жетпеген 50дөй ымыркай бар.
"Мурда мындай салмактагы балдар жашоого жөндөмсүз деп эсептелсе, азыр заманбап медициналык жабдуулардын, жаңы дарылоо ыкмаларынын жана дарыгерлердин аракетинин натыйжасында аларды аман алып калууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бөлүмдө багылып, аман калган эң кичинекей ымыркайдын төрөлгөндөгү салмагы 650 грамм болгон", - деп айтылат маалыматта.