Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматынын базасында министрликтин өздүк курамына медициналык жардам көрсөтүүчү поликлиника иштей баштады.
Ведомстводон маалымдашкандай, поликлиникада амбулатордук-консультациялык жана диагностикалык бөлүмдөр уюштурулган.
Амбулатордук бөлүмдө терапевт, кардиолог, хирург-уролог, травматолог, гинеколог, функционалдык диагностика дарыгери, офтальмолог, дерматолог, невролог, стоматолог жана оториноларинголог (ЛОР) кабыл алат.
Ал эми диагностикалык бөлүмдө клиникалык-лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, заманбап ультраүндүк жабдуулардын жардамы менен ички органдар жана организмдин системалары текшерилет.
Поликлиниканын негизги максаты – министрликтин кызматкерлерине адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ооруларды өз убагында аныктоо, диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү жана өздүк курамдын ден соолугун чыңдоо.
ӨКМдин маалыматына ылайык, поликлиниканын ишке кириши министрликтин кызматкерлерин медициналык жактан камсыздоо системасын өнүктүрүүгө багытталган. Өздүк курамдын ден соолугун сактоо калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча милдеттерди аткарууда маанилүү.