Кенелер таратуучу инфекциялар: Кыргызстанда эл аралык изилдөө аяктады

Ден соолук
Кенелер таратуучу инфекциялар: Кыргызстанда эл аралык изилдөө аяктады

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда кенелер аркылуу жугуучу кооптуу вирустук жана бактериялык оорулардын таралышын изилдөөгө багытталган эл аралык долбоор аяктады. Анда кенелерден, мал-жандыктардан жана жапайы жаныбарлардан биологиялык үлгүлөр чогултулганын Илимдер академиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, KG 2777 долбоору 2024-жылдын 1-мартынан бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырылып, изилдөөлөр Баткен, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында жүргүзүлдү.

Анда адистер кенелерди, ири мүйүздүү малдан жана топоздордон кан үлгүлөрүн, ошондой эле майда кемирүүчүлөр менен жарганаттардан биологиялык материалдарды чогултушту. Бул үлгүлөр лабораторияда текшерилип, аларда Конго-Крым геморрагиялык ысытмасы, кене энцефалити жана Q ысытмасы сыяктуу оорулардын козгогучтарына каршы антителолордун бар-жогу изилденген.

Долбоордун негизги максаты — мындай ооруларды таратуучу кенелер жана алардын козгогучтары өлкөнүн кайсы аймактарында кездешерин аныктоо болду. Бул маалыматтар келечекте оорулардын алдын алуу жана аларга өз убагында чара көрүү үчүн маанилүү.

Долбоор Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн биомедициналык изилдөөлөр институту (IRBA) менен биргеликте, Expertise France уюмунун каржылоосу жана Эл аралык илимий-техникалык борбордун колдоосу менен ишке ашырылды.

Институттун маалыматына караганда, долбоордун жүрүшүндө лабораториялык изилдөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, өлкөдөгү жаныбарлар жана адамдар үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жугуштуу оорулар тууралуу маалымат базасын түзүүгө негиз салынды. Ал маалыматтарды саламаттык сактоо, ветеринария жана экология тармактарында пайдаланууга болот.