Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда топоз чарбачылыгын өнүктүрүп, анын этинен улуттук брендге айланган азык өндүрүү зарыл. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.
Академик Асанкадыр Жунушов Якутияда өткөн эл аралык конференцияга катышып келгенден кийин топоз чарбачылыгын өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу пикири менен бөлүштү.
Анын айтымында, топоздун этинен кыргыз элинин байыркы азыгы болгон күлазыкты заманбап ыкма менен өндүрүүгө болот. Ал үчүн этти кургатып, майдалап, порошок түрүндө даярдоо сунушталат.
Академик мындай азыкты буудай же арпа талканы менен аралаштырып, азыктык баалуулугу жогору продукт катары чыгарууга болорун белгиледи. Ошондой эле күлазыкты кошумча азык (БАД) катары жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө токтолду.
“Топоз 6-7 миң метр бийиктикте жашап, тоолуу шартка жакшы ыңгайлашкан. Муз үстүндө да тайгаланбайт, бийик тоолордо өскөн чөптөр менен азыктанат. Кыргыздар топоз чарбачылыгын кеңейтип, анын этинен пайдалуу азыктарды өндүрүүгө көңүл бурушу керек”, — деди Асанкадыр Жунушов.