Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Apple компаниясы Google'дун Siri үчүн жасалма интеллектине жыл сайын миллиарддаган доллар сарптоону пландап жатат. Бул тууралуу Bloomberg билдирди.
Супер кубаттуу Gemini жасалма интеллект моделин колдонуу телефон жана планшет өндүрүүчүнүн үн жардамчысын модернизациялайт. Apple бул үчүн Alphabetке (Google'дун башкы компаниясы) жыл сайын бир миллиард доллардан ашык акча төлөйт.
Apple мурун OpenAI’дын ChatGPT жана Anthropic’тин Claude моделдерин да караган, бирок акырында Alphabet технологиясын тандаган. Жаңы жасалма интеллект модели азыркы 150 миллиардга салыштырмалуу 1,2 триллион параметрди иштетет. Бул жардамчынын татаал маалыматтарды иштетүү жана контекстти түшүнүү жөндөмүн жакшыртат.
Google технологиясын колдонуу Apple өзүнүн кызматтарын жетиштүү деңгээлде өнүктүрмөйүнчө убактылуу болору белгиленди. Жаңыртылган Siri'нин чыгарылышы жазга пландаштырылган.
2025-жылдын октябрь айында Apple тарыхта рыноктук наркы төрт триллион доллардан ашкан үчүнчү компания болду (Nvidia жана Microsoft'тон кийин). 28-күнү компаниянын акциялары бир акция үчүн 269,87 долларга чейин көтөрүлүп, Apple компаниясынын рыноктук капиталы 4,005 триллион долларды түздү.