Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. ANZ банкы алтындын баасы боюнча божомолун жогорулатып, жыл аягында бир унцийи 3800 долларга жетиши ыктымал деп билдирди. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, ал эми 2026-жылдын орто ченинде анын баасы 4000 долларга чейин жетиши мүмкүн.
Учурда алтындын декабрь айында фьючерс келишимдери менен бекитилген баасы COMEX биржасында 0,2%га өсүп, бир унциясы 3688, долларга жетти.
Жалпысынан алганда быйыл алтындын баасы 33%дан ашык кымбаттады. Буга АКШ долларынын алсырашы, дүйнөдөгү глобалдык кырдаалдын туруксуздугу жана дүйнө боюнча борбордук банктардын ири көлөмдө алтын сатып алышы себеп болгону айтылат.