Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда эттин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө жана ички рынокто баа туруктуулугун камсыз кылуу максатында уй жана кой этине максималдуу дүң жана чекене баалар сунушталууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган баалар малды багууга, сатып алууга, ташууга, союуга жана этти сатууга чейинки чыгымдарды талдоонун негизинде сунушталууда. Бул баалар рыноктун катышуучулары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуулардын негизинде түзүлгөн.
Бишкек шаары боюнча уйдун сулп этинин сунушталган баасы — 870 сомго чейин болууда. Уйдун сөөгү менен этинин сунушталган дүң баасы — 700 сомго чейин, чекене баасы — 770 сомго чейин деп көрсөтүлүүдө. Кой этинин сунушталган дүң баасы — 820 сомго чейин, чекене баасы — 880 сомго чейин.
Облустар боюнча сунушталган максималдуу баалар төмөнкүдөй:
- Чүй облусу — уйдун сулп эти 850 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 700 сомго чейин, чекене баасы 770 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 800 сомго чейин, чекене баасы 880 сомго чейин;
- Нарын облусу — уйдун сулп эти 840 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 690 сомго чейин, чекене баасы 750 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 820 сомго чейин, чекене баасы 840 сомго чейин;
- Ысык-Көл облусу — уйдун сулп эти 870 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 700 сомго чейин, чекене баасы 770 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 820 сомго чейин, чекене баасы 840 сомго чейин;
- Талас облусу — уйдун сулп эти 850 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 680 сомго чейин, чекене баасы 750 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 800 сомго чейин, чекене баасы 840 сомго чейин;
- Ош облусу — уйдун сулп эти 870 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 700 сомго чейин, чекене баасы 770 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 820 сомго чейин, чекене баасы 880 сомго чейин;
- Жалал-Абад облусу — уйдун сулп эти 870 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 700 сомго чейин, чекене баасы 770 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 820 сомго чейин, чекене баасы 880 сомго чейин;
- Баткен облусу — уйдун сулп эти 880 сомго чейин, сөөгү менен дүң баасы 705 сомго чейин, чекене баасы 775 сомго чейин; кой этинин дүң баасы 820 сомго чейин, чекене баасы 850 сомго чейин.
Мындан тышкары, фарштын А (80% эт, 20% май) жана Б категориясы (60% эт, 40% май) боюнча да сунушталган баалар эсептелип чыкты.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан белгилешкендей, көрсөтүлгөн баалар бекитилген же милдеттүү баалар болуп саналбайт. Алар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан рыноктогу баа туруктуулугун камсыз кылуу жана эттин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында сунушталган максималдуу баалар болуп саналат.
Кошумчалай кетсек, "Кабар" агенттиги бүгүн, 17-сентябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тараткан маалыматтын негизинде Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды деген маалымат чыгарган. Биздин редакцияга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан байланышып, эттин белгиленген баалары бекитилбегенин, жөн гана сунушталганын билдиришти.