Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Ош шаарындагы эт сатуучу дүкөндөргө эттин баасын көзөмөлдөө боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда эттин баасын көтөрбөө, бекитилип берилген баадан жогору сатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейдге Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү жана Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Муниципалдык инспекция жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте үзгүлтүксүз рейддик иш-чаралар уланарын белгилейт.