Глобалдык жылуулук токтодубу? Антарктидадагы муздун көбөйүшүнүн сыры эмнеде

Дүйнө 21 Август 2026 11:35
7df468af105080a8e19192aab9fa018b.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Антарктидада 2021-2024-жылдары муздун жалпы массасы убактылуу көбөйгөн. Окумуштуулардын айтымында, бул глобалдык жылуулуктун таасири азайганын билдирбейт.

AЗЕРТАЖ агенттигинин маалыматына караганда, эл аралык окумуштуулар тобунун изилдөөсү Nature журналына жарыяланган. Анда муз массасынын өсүшү Антарктиданын чыгыш бөлүгүндө кардын адаттан тыш көп жаашы менен байланыштуу экени аныкталган.

Буга Тынч океандын батышы жана Инди океанынын чыгышындагы убактылуу жылуулук себеп болуп, атмосферага нымдын көбүрөк көтөрүлүшүнө жана анын Антарктидага жетишине шарт түзгөн.

Окумуштуулар мындай табигый көрүнүш болжол менен кылымда эки жолу кайталанып, муздун уланып жаткан жоготуусун бир нече жылга жашырып коюшу мүмкүн экенин белгилешет.

Ошол эле учурда узак мөөнөттүү тенденция өзгөргөн жок. 2003-жылдан бери Антарктида жылына орточо 140 млрд тоннага жакын муз жоготуп, бул Дүйнөлүк океандын деңгээлинин жыл сайын 0,5 миллиметрден ашык көтөрүлүшүнө алып келүүдө.

Адистер климаттын өзгөрүшүнүн узак мөөнөттүү тенденцияларын баалоодо кыска мөөнөттүү өзгөрүүлөргө эмес, көп жылдык байкоолорго таянуу зарылдыгын белгилешет.