Анталья туризмде рекордго жетүүгө даярданууда — Кабар

Анталья туризмде рекордго жетүүгө даярданууда

Дүйнө 19 февраль 2025 09:15
Анталья туризмде  рекордго жетүүгө даярданууда
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Эрте брондоо мезгили уланып жатканда Анталья 2025-жылы туризмде жаңы рекорддорду коюуга даярданууда.

TRT маалымдагандай, Антальяда 2025-жылкы туризм сезонуна карата эрте брондоолор 15 пайызга өстү. Мындан улам 18 млн туристтин келүү ыктымалдыгы дагы да бекемделди.

Улуу Британиядан жана Германиядан эрте брондолгондордо олуттуу өсүш бар.

Туристтик сезонго Польшадан да суроо-талап жогору.

Россиядан келген туристтердин саны 4 миллиондон ашышы мүмкүн.

Румыния менен Казакстандан да суроо-талап өсүүдө.

Эрте брондоолордо жергиликтүү туристтердин да жогорку активдүүлүгү байкалып жатканы айтылды.