Аномалдуу ысык. Эксперттер эмнеге коңгуроо кагышууда?

Дүйнө Загрузка... 02 Июль 2025 16:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Соңку күндөрү Кыргызстанда аномалдуу ысык болуп, температуранын рекорддук көрсөткүчү көп жылдардан бери келе жаткан көрсөткүчтөрдү жаңыртты. Айрым аймактарда абанын температурасы +40°С жана андан жогору болуп, июль айынын башындагы климаттык нормадан бир топ ашып кетти.

Синоптиктер мындай кескин аба ырайы дагы бир нече күнгө созулушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Айрыкча түштүк аймактарда - Баткен, Ош жана Жалал-Абадда ысык болуп, кургак шамал жана нымдуулуктун аздыгы менен коштолот. Чүй жана Талас облустарында термометрдин көрсөткүчтөрү салыштырмалуу төмөн болгонуна карабастан, өзгөчө шаарларда катуу ысык болот.

Дарыгерлер жарандарды төмөнкү эрежелерди сактоого чакырат:

  • күндүзгү убакта күнгө чыкпоо;
  • көбүрөөк суу ичүү;
  • ачык түстөгү кийимдерди жана баш кийимдерди кийүү;
  • мүмкүн болсо салкын бөлмөлөрдө болуу.

Ал эми, дыйкандар эгиндин абалына тынчсызданышууда. Анткени, кургакчылык түшүмгө азыртадан эле таасирин тийгизе баштады. Малчылар жайыттарда суунун тартыштыгын айтышууда.

Экологдор климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мындай ысык толкундар тез-тез болуп жатканын белгилешүүдө. Тоолуу өлкө катары Кыргызстан үчүн эскертүү системаларын иштеп чыгуу жана экстремалдык аба ырайына көнүү жана мындай чакырыктарга даярдануу өзгөчө маанилүү.

Мындай аномалдуу ысык аба ырайы Борбор Азия өлкөлөрүндө да байкалат.

Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдө абанын температурасы 43°Сге чейин жетип, түнкүсүн нормадан да 28°С ашат.

Адистердин айтымында, заводдор, өзгөчө цемент заводдору, электр станциялары жана ЖЭБтер абаны тазалагычтар менен жабдылбаса, абал ойлогондон да начар болушу мүмкүн.

Дүйнөлүк банк жакынкы он жылдыктарда Борбор Азиядагы орточо температура Цельсий боюнча 6 градуска көтөрүлүшү мүмкүн, бул 2050-жылга чейин тоо мөңгүлөрүнүн үчтөн биринен көбүрөөгүнүн жок болушуна, демек, бүткүл региондо суунун тартыштыгына алып келет деп болжолдойт.

Абанын жогорку температурасы да адамдарга терс таасирин тийгизет.

Ушундай эле ысык аба ырайы Европа өлкөлөрүндө да байкалат.

Батыш Европа катуу ысыктан жабыркап, рекорд жаңыланды. Эксперттердин айтымында, кургакчылык Германияга кайтып келиши мүмкүн, ал эми Францияда токойлордо өрт чыккан.

“Акыркы күндөрү жаан дээрлик жааган жок. Мурункудай эле кургак жана абдан ысык болууда. Демек, кургакчылык мындан ары да күчөй берет. Бул жай абдан ысык жана кургак болушу мүмкүн", - деди метеоролог Доминик Юнг Bild гезитине берген маегинде.

Bild гезитинин маалыматына караганда, Германиянын айрым аймактарында күндүз сугат иштерине тыюу салынган.

Европада аномалдуу ысыктан улам кээ бир туристтик жайлар жабык.

Мисалы, Париждеги Эйфель мунарасынын үстү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жабылды. Италия да аномалдуу ысыктын коркунучу тууралуу эскертип жатат. Ал эми Венето чөлкөмүндө эриген асфальттан улам бир жолду жабууга туура келди. Франциянын, Испаниянын, Португалиянын жана Грециянын айрым аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.