Анголада холера оорусу күчөп, 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алды

Дүйнө Загрузка... 12 Февраль 2025 12:28
WhatsApp Image 2025-02-12 at 08.45.21.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Анголада холеранын 3 402 учуру катталды. Оорунун айынан 114 адам көз жумду. Бул тууралуу Анголанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылганын Синьхуа агенттиги жазды.

Анда белгиленгендей, 1-февралдан бери Анголада 100дөн ашуун жаңы учур катталды. Оору январь айынын башында күч алып, региондорго тез жайылып кеткен. Өзгөчө Луанда шаары жана Бенго провинциясы жабыркаганы айтылууда.

Анголанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 925 миңден ашуун адам холерага каршы эмделген.