Англиялык атактуу актер Теренс Стэмп 87 жашында каза болду

Дүйнө Загрузка... 18 Август 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-08-18 at 09.08.47.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. Англиялык атактуу актер Теренс Стэмп 87 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, РБК билдирди.

Актер “Супермен” жана “Супермен-2” фильмдериндеги генерал Зоддун образы аркылуу дүйнөгө таанылган.

Ал 1938-жылы Лондондун Ист-Энд аймагында төрөлүп, бала чагы Экинчи дүйнөлүк согушка туура келген.

Стэмп ошондой эле “Оскар” сыйлыгына талапкер болуп, “Жылдыздуу согуштар, “Теорема” (1968), “Тозоктогу жыл мезгили” (1971), “Присцилланын укмуштуу окуялары” (1994) сыяктуу ондогон фильмдерге тартылган.