Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Кургакчылыктан улам Англиядагы дарыялардын 14 пайызында гана суунун деңгээли нормалдуу бойдон калды. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, дарыялардагы суунун агымы азайып, 22 пайызында өтө төмөн деңгээл катталган. Алардын арасында Эйвон, Уай, Или-Уз жана Экс дарыялары бар.
Ошондой эле өлкөдөгү суу сактагычтардын толушу 69 пайызга чейин төмөндөгөн.
Буга чейин Улуу Британияда июнь айында абанын температурасы 37 градустан ашып, рекорддук ысык катталган.