Бишкек 10.06.25 /Кабар/. Англия менен Уэлстеги 400 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлерге жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын жумушта колдонуу боюнча окутуу өткөрүлөт. Бул тууралуу The Guardian басылмасына таянып Коммерсант.ру жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер кечээ, 9-июнда бул тууралуу эскертүү алышты. Ал эми окутуунун өзү күзүндө башталат. Бул иш-чара One Big Thing аттуу долбоордун алкагында өткөрүлүп жатат. Аталган долбоор аркылуу мамлекеттик кызматкерлер жыл сайын заманбап технологиялар боюнча билим алышат.
The Guardian белгилегендей, бул окутуу өкмөттүн мамлекеттик кызматкерлердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын иш ылдамдыгын арттыруу аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Муну менен катар өкмөттүк мекемелерде ондогон миң жумушчу орундарын кыскартуу процесси да жүрүп жатат. Буга чейин британиялык өкмөт мамлекеттик кызматкерлер ЖИни өз жумушунда активдүү колдонууга тийиш экенин билдирген.
Мындан тышкары, Humphrey аттуу ЖИ шаймандарынын пилоттук версиясы да мамлекеттик кызматкерлерге сунушталган. TechXplore басылмасынын маалыматына караганда, британ өкмөтү мамлекеттик кызматкерлерди ЖИ менен иштөөгө үйрөтүү үчүн Google, Microsoft жана Amazon сыяктуу ири технологиялык корпорациялар менен кызматташа баштайт.