Андрей Мохор: ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы медиаинтеграция өз ара ишенимди бекемдөөгө жардам берет

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 11:45
WhatsApp Image 2026-07-27 at 11.53.44.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) 25 жыл ичинде аймактык кызматташтык механизминен тартып, 3,5 миллиардга жакын калкты бириктирген ири трансаймактык аянтчага айланды. Бул тууралуу Белоруссия телеграф агенттигинин (БелТА) башкы директору Андрей Мохор ЖМК жана аналитикалык борборлордун форумунда билдирди.

Анын айтымында, мындай чоң аудиторияга объективдүү жана ишенимдүү маалымат жеткирүү үчүн заманбап инструменттер, технологиялар жана маалыматтык платформалар керек.

"ЖМКлар Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерде маанилүү роль ойнойт. Биз жарандарга өнөктөш өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрү, биргелешкен долбоорлор жана экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу маалымат береби"», — деди Мохор.

Ал бүгүнкү тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө эл аралык күн тартибин объективдүү чагылдырууда медианын ролу жогорулап жатканын белгиледи.

Мохордун пикиринде, ШКУну көп учурда "Шанхай үй-бүлөсү" деп аташат. Анткени уюм ар түрдүү маданияттарды, салттарды жана элдерди бириктирген аянтча болуп калды. Ошондуктан бул мурастарды кеңири жайылтууда ЖМКлардын салымы чоң.

Ал Беларустун бул багытта практикалык иштерди жүргүзүп жатканын айтып, "Славян базары" эл аралык искусство фестивалынын алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук маданият күндөрү долбоору ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал ШКУ өлкөлөрүнүн медиа тармагындагы кызматташуусун күчөтүү зарылдыгын айтты. Анын ичинде маалымат алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, жасалма интеллект технологияларын колдонуу жана дезинформацияга каршы күрөшүү багыттары маанилүү экенин белгиледи.

"Интеллектуалдык медиа-интеграция — бул бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүүнүн стратегиялык инструменти. Ал аналитиканы, санариптик платформаларды жана жасалма интеллектти бириктирип, ШКУнун туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүгө жардам берет", — деди Андрей Мохор.

Ал аналитикалык борборлор менен ЖМКлар ШКУдагы жетишкендиктерди, өлкөлөрдүн маданий өзгөчөлүктөрүн жана өнүгүү стратегияларын кеңири жайылтууда биргелешип иштеши керектигин кошумчалады.

"Медиаинтеграциянын негизги максаты — объективдүү жана ачык маалымат берүү аркылуу өлкөлөр ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө", — деп жыйынтыктады Белоруссия телеграф агенттигинин жетекчиси.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында алгачкы жолу ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги биргелешип уюштурууда.