Андраш Бака Венгриянын жаңы президенти болуп шайланды

Дүйнө 114 12 Август 2026 13:50
17864595962322827907_1200x630.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Венгрия парламенти өлкөнүн жаңы президенти кылып Жогорку соттун мурдагы төрагасы Андраш Баканы шайлады.

АЗЕРТАЖ агенттигинин маалыматына караганда, анын талапкерлигин 140 депутат колдоп, алтоо каршы добуш берген. Добуш берүүгө жалпысынан 146 депутат катышкан.

Андраш Бака президенттикке жалгыз талапкер болгон. "Биздин мекен" партиясынын өкүлү Тот Мате талапкер катары көрсөтүлүү үчүн зарыл болгон сандагы сунуштарды ала алган эмес.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин Андраш Бака президенттик ант берди. Ал расмий түрдө 19-августта кызматка киришет.

Ант берүү аземинен кийинки сөзүндө жаңы президент мыйзамдын үстөмдүгүн, конституциялык маданиятты жана коомдун мамлекеттик институттарга болгон ишенимин калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.