Кыргызстан дүйнөлүк тоо күн тартибин илгерилетүүдө

Экология 30 Март 2026 11:25
33.jpeg
11.jpeg
22.jpeg
44.jpeg
55.jpeg
66.jpeg
77.jpeg
Алдыга
Артка
33.jpeg
11.jpeg
22.jpeg
44.jpeg
55.jpeg
66.jpeg
77.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. 25-26-марттан тарта Андоррада Бүткүл дүйнөлүк тоо туризми конгресси жана Тоо өнөктөштүгүнүн жыйыны өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстандын атынан президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова башында турган делегация катышууда.

Иш-чаранын алкагында Андорранын өкмөт башчысына президент Садыр Жапаровдун 2027-жылы өтүүчү "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине чакыруусу жана кызматташтык сунушу тапшырылды.

Жыйындын алкагында "БУУ Туризм" уюмунун жетекчилиги менен тоолуу аймактардагы маданий-тарыхый мурастарды сактоо жана экотуризмди өнүктүрүү талкууланды.

Ошондой эле ЮНЕП (UNEP) жана Германиянын делегациялары менен ак илбирсти коргоо, тоо экосистемаларын сактоо жана климаттык каржылоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Кыргыз делегациясы эл аралык өнөктөштөрдү (Германия, Швейцария, Италия, ЕККУ ж.б.) Кыргызстандын тоо демилгелерин колдоого жана алдыдагы Бишкек саммитине активдүү катышууга чакырды.