Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Амстердамда беш киши бычакчан адамдын кол салуусунан жабыркады. Бул тууралуу Euronews кабарлады.
Маалыматка караганда, кол салуу шаардын борбордук бөлүгүндөгү Дам аянтында орун алып, кол салуунун кесепетинен кеминде беш киши жабыркаган.
Полиция бычак менен кол салган шектүү кармалганын, анын мындай жолго барышына эмне себеп болгону такталып жатканын белгиледи.