Америкалыктардын дээрлик жарымы кир аба менен дем алары айтылды

Дүйнө Загрузка... 23 Апрель 2025 17:30
WhatsApp Image 2025-04-23 at 14.32.22.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. АКШнын жашоочуларынын дээрлик жарымы абасы кир аймактарда жашайт. Бул тууралуу БелТА агенттиги Американын пульмонологиялык ассоциациясынын баяндамасында айтылганын жазды.

"Ондогон жылдардан бери абаны булгаган булактарды ийгиликтүү кыскартуу аракеттеринен кийин америкалыктардын 46%ы же 156,1 млн адам абадагы озондун жана булгоочу бөлүкчөлөрдүн деңгээлинин жогорулагандыгы жөнүндө начар баа алган жерлерде жашашат”, - деп белгилейт уюм.

Эксперттердин баамында, кир аба менен дем алган АКШ тургундарынын саны былтыркы жылдан бери дээрлик 25 миллионго көбөйгөн. Бул көрсөткүч акыркы 10 жылдагы башка отчетторго караганда кыйла жогору. Учурда абанын булганышына өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күндүн катуу ысышы, кургакчылык жана токойлордогу өрттөр себеп болгондугу белгиленди.

Адистер абанын микробөлүкчөлөр жана озон менен булганышы адамдардын төрөлгөндөн баштап ден соолугуна терс таасирин тийгизерин жана эрте төрөлүү коркунучун күчөтөрүн эскертишүүдө. Мындан тышкары, кир аба өпкө жана жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат, алардын курчушуна алып келет жана ошону менен бирге адамдын өмүрүн кыскартат.

Буга чейин абанын сапаты боюнча көзөмөл жүргүзгөн швейцариялык IQAir компаниясы дүйнөдөгү өлкөлөрдүн 90%дан ашыгы жана шаарлардын 80%ы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун абанын булганышы боюнча сунуштарына жооп бербей турганын билдирген отчетун жарыялаган. Абанын булганышынын деңгээли жогору болгон мамлекеттерге Чад, Бангладеш, Пакистан, Конго жана Индия кирет.