Америкалык компания Айга суу менен көмүр кычкыл газын текшере турган аппаратты учурду

Дүйнө Загрузка... 27 Февраль 2025 17:16
WhatsApp Image 2025-02-27 at 14.02.47 (1).jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек,27.02.25. /Кабар/. Америкалык Intuitive Machines компаниясынын "Афина" аталышындагы Nova-C аппараты Айга учту. Бул тууралуу ТАСС АКШнын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгынын (NASA) маалыматына таянып билдирди.

Аппарат 26-февралда Флоридадагы космостук борбордон учурулду. Эми ал Айга 6-мартта конору пландалууда.

Модуль NASA`нын илимий изилдөөлөрүн жүргүзүп, Айга адамдын учуусуна даярдык көрүү үчүн технологияларды сыноодон өткөрөт.

Аппарат Айга суу менен көмүр кычкыл газын изилдөөчү кошумча жабдыктарды да алып барат.

Бургулоочу TRIDENT кыртыштан ылдый 1 метр тереңдикке чейин кирүүгө жөндөмдүү. Ал Жерден аралыктан эле башкарылат. Ал эми масс-спектрометр MSOLO органикалык жана органикалык эмес бирикмелерди анализдейт.